Ссылки доступа

АКШ: Сот Савченкого карата Минск келишимин бузууда


Украин куралдуу күчтөрүнүн кызматкери Надежда Савченкого турмөдө кордук көрсөтүү менен Орусия эл аралык нормаларды жана Минск келишимин бузууда.

Бул туурасында АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керинин Мамлекеттик департаменттин сайтына жайгаштырылган билдирүүсүндө айтылат.

Жон Керри учкучтун саламаттыгына кабатырланып жаткандыгын ырастаган.

АКШ Орусияга кайрылып, Савченконун токтоосуз бошотууну дагы бир жолу талап кылды. Ушундай эле мүнөздөгү чакырыктарды күн мурун Евробиримдик дагы жолдогон.

XS
SM
MD
LG