Ссылки доступа

Саясатка айланган Савченконун соту


Украина президенти Петр Порошенко Надежда Савченкону үйүнө кайтаруу үчүн орус туткундарына алмашууга даяр.

Бул туурасында ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

“Надежда Савченко-орус учкучу жана офицери. Ал өз өлкөсүн коргоп, Донбасстан барымтага алынып, күч менен Орусияга чыгарылып кетти. Эми аны ак жеринен жазалоого аракет кылып жатышат ”, -деди Порошенко.

Өкүм чыкканга чейин дарыгерлерди жана туугандарын Савченкого киргизбөө чечими Укранина Тышкы иштер министрлиги тарабынан акылга сыйбаган өч алуу катары бааланды.

Учкучтун жактоочулары анын саламаттыгына кабаатыр болушууда. Ал 7 күндөн бери кургак ачкачылык кармоодо. Адвокат Николай Полозов өкүм чыкканга чейин Савченкого же күч менен тамак берилерин, же өлөрүн айтууда.

9-мартта Надежда Савченко акыркы сөзүн сүйлөп жатып, эгер бүтүм жуманын аягына чейин чыгарылса, ачкачылыкты токтоторун жарыялаган. Бирок сот иши 21-22 мартка жылды. Айыптоочу аны 23 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Бул арада Украина, Латвия, Германия, Италия, Польшада учкучту тезинен бошотууну талап кылган акциялар өттү. Москва жана Петербургда болгон пикет учурунда полиция активистерди кармап, админстративдик айып салды.

Вера Савченко эжесин колдоо үчүн бүгүндөн тарта убактылуу камоо жайынын алдына барып, апасы, достору менен акция өткөрүп баштайт. Алар учкучка дарыгерлерди киргизүүнү, өкүмдү тезирээк чыгарууну жана эркиндик берүүнү талап кылышат. Ушундай эле чакырык буга чейин АКШ вице-президенти Байден, Мамлекеттик катчы Керри тарабынан жазалган.

XS
SM
MD
LG