Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы премьер-министри өкүнүүдө


Өзүнө тагылган айыптарды четке каккан Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахмедов азыр кылыктарына өкүнөрүн билдирип, өкүмдү жумшартууну сурады.

Карагандада мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахмедов баш болгон чиновниктер жана бизнесмендердин аппеляциялык арызы каралууда. Алар корруция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери менен айыпталган.

Сотто жактоочу Николай Лесник Серик Ахмедов мурдагы кылган күнөөлөрү үчүн чын дилинен өкүнүп жаткандыгын жана чыгымдарды мамлекетке толугу менен кайтарып бергенин билдирип, өкүм чыгарда муну эске алууну өтүндү. Буга чейин экс-чиновник өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген.

Өткөн жылдын декабрь айында 21 адамга карата чыгарылган өкүмдү көптөгөн жактоочулар обективдүү жана ыраатуу эмес деп сыпатташкан. Алардын ичинен 11и түрмөгө кесилип, алтоо шартуу жаза алган. Соттук коллегия бугун баардык далилдерди изилдеп, чечим чыгарат.

XS
SM
MD
LG