Департаменттин маалыматына ылайык, орус өкмөтү тарабынан УДИни “керексиз чет өлкөлүк уюмдарга” кошуу тынчсызданууну жаратат.
“Демократиялык институт жана башка жарандык коомду түзгөн чет өлкөлүк уюмдар Орусияга коркунуч туудурат деген ырастоого кошулбайбыз. УДИ бийлик структураларынын ачыктыгы жана отчеттулугун өнүктүрүү идеяларын колдоп келет. Орусия бул принциптерди жайылтууга каршылык көрсөтпөстөн, колдошу керек. Жарандык коомдун ишмердигин чектөө бардык орусиялыктардын укуктарын бузууга алып келет”, - деп жазылган маалыматта.
Улуттук демократиялык институту АКШда 1983-жылы негизделип, мамлекеттик жана жеке булактардан каржыланат.