Ссылки доступа

Орусиянын мурунку маалымат министрин өлтүрүшкөн


Вашингтондогу медициналык эксперттер Михаил Лесиндин өлүмүнүн себебин иликтөөсүндө мына ушундай жыйынтыкка келишкен.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жан-жөкөрлөрүнүн бири болуп келген Лесиндин сөөгү өткөн жылы ноябрь айында Вашингтондо табылган.

10-мартта жарыяланган Вашингтондо жайгашкан соттук-медициналык эксперттин билдирүүсүндө Лесиндин өлүмүнө башы, мойну, денесине келтирилген туюк жаракат себепкер болгону айтылат. Билдирүүдө иликтөө уланып жатканы ырасталат. Лесин ФБРга жардам берүүнү көздөгөндө өлтүрүлгөн деген маалыматтар бар.

Михаил Лесин Орусиянын медиа тармагын жетектеген, англис тилинде чыгуучу Russia Today телеканалын түптөөгө салымын кошкон.

XS
SM
MD
LG