Ссылки доступа

Эл аралык укук коргоочулар Өзбекстанга насыя бербөөнү суранышууда


Эл аралык укук коргоочулар, ишкерлер жана активисттерден турган Cotton Campaign коалициясы Дүйнөлүк банктын төрагасы Жим Кимге кайрылып, Өзбекстандын айыл чарба тармагына насыя бербөөнү суранышты.

Мындай өтүнүч жазылган петиция Дүйнөлүк банк жетекчисине Вашингтондо 9-мартта тапшырылды. Ага 140 миң адам кол койгон.

Cotton Campaign коалициясы өзбек бийлиги пахта өндүрүүдө элди мажбурлап иштетүү саясатын токтотмоюнча Ташкенге каражат бербөө керектигин белгилешет.

Өзбекстанда пахта талаасында жарандарды мажбурлуктан иштеши, алардын эмгеги ылайыктуу бааланбай жатканы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Буга чейин Дүйнөлүк банк маалымдагандай, 2016-2020 жылдарга каралган өнөктөштүк стратегиясынын алкагында Өзбекстанга 3,5-4 миллиард доллар суммадагы насыя берилмек.

XS
SM
MD
LG