Ссылки доступа

Тажик жарандары каржы сабаттуулугуна үйрөтүлөт


Дүйнөлүк банктын сурамжылоосуна ылайык, Тажикстан калкынын 80 пайызы каржы жана насыя жөнүндө жөнөкөй маалыматтарды билишпейт.

Дүйнөлүк банктын тобунун мүчөсү, IFC Эл аралык финансалык корпорациясы Тажикстандын финансалык институттары менен чогуу калктын каржы сабаттуулугун жакшыртуу боюнча комплекстүү программаны ишке ашырганы турат. Донорлордун айтымында, өлкөнүн жана жарандардын өтө эле көп карызга батышы тынчсыздандырууда.

IFCтин иликтөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 40 пайызы тапкан кирешесин бардыгын коротот, жарымы гана акчасын жыйнаганга кудурети жетет. Андан тышкары, калктын 83 пайызы негизги банктык терминдерди айта албай, 90 пайызга жакыны насыя алуучулардын тарыхынын түзгөн бюро тууралуу кабардар эмес. Алардын арасынан 40 пайызы гана бюрого маалымат берүүгө макул болушкан.

Программанын алкагында окутуучу материалдар даярдалат. Ага ылайык, жарандар үй-чарба бюджеттери, өздүк каражат, акча которуулар менен башкаруу, акчаны сактоо, насыялык отчеттун артыкчылыктары тууралуу үйрөнүшөт.

XS
SM
MD
LG