Ссылки доступа

Казакстан: Мурдагы премьердин жаза мөөнөтү кыскарды


Караганда облсотунун апелляциялык коллегиясы Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметовдун жаза мөөнөтүн 10 жылдан 8 жылга кыскартты.

Аны менен кошо соттолуп жаткан Караганданын башка аткаминерлеринин да мөөнөттөрү азайтылды. Караганды облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишев эми беш эмес, үч жыл жаза өтөйт. Ал эми шаар акими Мейрам Смагуловдун жазасы үчтөн эки жылга кыскарды. Облус акими Габит Мухамбетов менен «КазАгро» компаниясынын башкарма башчысы Дулат Айтжановдун үч жылдык камак мөөнөтү өзгөрүп, шарттуу кесилишти.

Жемкорлукка жана паракорчулукка айыпталган Серик Ахметов баштаган 21 кишиге өткөн жылдын декабрында өкүм чыккан. Алардын 12си апелляциялык арыз беришкен эле. Ахметов айыбын мойнуна алганын, 2 миллиард 255 миллион теңгени кайтарып бергенин эске алуу менен соттон актоону суранган. Казакстандык байкоочулар да сот аны бошотушу мүмкүндүгүн айтып жатышкан.

XS
SM
MD
LG