Эки өлкөнүн лидерлери Путиндин Сириядан негизги аскерлерди чыгаруу боюнча чечимин жана согуш аракеттерин толугу менен токтотуу боюнча саясий сүйлөшүлөрдү өткөрүү тууралуу пикир алышты.
Ак үйдүн маалыматына ылайык, Обама Орусия президентинин чечимин кубаттады.
Өлкө башчысы Сирияга гуманитардык жардам жеткизүү боюнча жакшы жылыш болуп жатканын белгиледи. АКШ президентинин пикиринде, азыркы учурда түзүлүп жаткан саясий кырдаал Сириядагы зомбулукка чекит коюш керек.