Ссылки доступа

Пентагон: ИМдин командири каза болду


Пентагон маалымдагандай, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун башчыларынын бири, Умар Чеченец аты менен таанымал америкалык согушкер аба соккусунан алган жаракаттан мерт кетти.

Грузиянын Панкисск капчыгайында туулган чечен тектүү Умар аль-Шишани 4-мартта Сириянын түндүк-чыгыш тарабындагы аба соккудан улам катуу жаракат алган. Аны Ракка шаарынын ооруканасына алып келишкен.

“Биздин божомолго караганда ал жаракаттан улам каза болду”, - деген France-Presse агенттигине Пентагондун басма сөз катчысы капитан Джефф Дэвис. Шишанинин өлүмү тууралуу Пентагондун өкүлдөрү CNN америкалык телеканалына дагы айтышкан.

Syrian Observatory for Human Rights уюму 13-мартта France-Presse агентигине маалымдагандай, Шишани бир нече күн “клиникалык өлүмдө” болуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Тархан Батирашвили көбүнчө Шишани аттуу каймана аты менен таанымал жоокесеп Грузиянын элиталык аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. Ал 2012-жылы ИМге кошулуп, бул топтун эң жөндөмдүү башчыларынын бири болгон. Шишани АКШ тараптан изделген террористтердин бири болчу. Анын “башы ” үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыяланган.

XS
SM
MD
LG