Ссылки доступа

Евробиримдик Орусиянын баалуу кагаздарын сатып албоого үндөөдө


Буга чейин Орусиянын каржы министри тышкы карыздар үчүн 2016-жылдын бюджетинде 3 миллиард доллар каралганын билдирген.

Евробиримдиктин жетекчилиги европалык банктарга кайрылып, Орусиянын мамлекеттик облигацияларын сатып албоого чакырды. Бул туурасында Financial Times өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Негизинен баалуу кагаздардын Орусияга киргизилген санкцияларга тишешеси жок. Бирок банктар мындай жол менен орус экономикасын колдошун Евробиримдик каалабайт.

Мурда Орусиянын каржы министри тышкы карыз үчүн бюджетте 3 миллиарддан ашык доллар бар экенин ачыктаган. Москва баалуу кагаздарын сатыкка чыгарып, ири америкалык, европалык жана азиядагы банктарга сунуштаган. Түшкөн каражат 2016-жылдагы бюджеттин таңкыстыгын жабууга жумшалмак.

Февралдын соңунда АКШ бийлиги жергиликтүү банктарга кайрылып, Орусиянын баалуу кагаздары менен иштешүүдөн оолак болууга чакырган. Себеби бул 2014-жылы киргизилген санкцияларга карама-каршы келерин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG