Аларга эки ай бою маяна берилген эмекс.
“Келишим боюнча айлык акыны 30 күн гана кечиктире алышмак. Ошондуктан биз жумушту токтоттук. Мына, 250 өзбек жана 15-20дай тажик 9 күндөн бери ишсиз отурат. Бул болсо, дүйнөлүк денгээлдеги долбоор”, -дейт Улугбек аттуу жумушчу.
«Нижний Новгород Стадионун» үч түрк курулуш компаниясы салууда. Алардын биринде гана ушундай көйгөй жаралды.
Жумушчулардын пикиринде, айлык акыны кечеңдешине-Орусия менен Түркиянын мамилесинин начарлашы эмес, экономикалык каатчылык себепкер.
Түркия орусиялык учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн мамилеси бузулуп, азык-түлүк экспортуна чектөө киргизилген. Түрк жарандарын жумушка алууга тыюу салынган.