Ссылки доступа

АКШнын мамкатчысы Жон Керри Москвага барат


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кийинки жумада Москвага барат. Жолугушууда орусиялык аскерлерди Сириядан чыгаруу маселеси жана бул өлкөдөгү саясий өткөөл жараян талкууланат.

Керри маалымдагандай, ал президент Владимир Путин менен бетме-бет жолугуп, тынчтык сүйлөшүлөргө жаңы түрткү берүүгө аракетенет. Анын айтымында, азыр эң оңтойлуу убакыт.

“Керринин Москвага сапары азыркы учурда иштелип чыгууда”, - дейт Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Буга чейин Орусия Сириядан негизги аскерлерин чыгаруу тууралуу чечимин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG