Ссылки доступа

Дүйшөмбү шаарында коррупцияга каршы кызматтын унаасы уурдалды


Дүйшөмбүнүн тургуну Тажикстандын Мамлекеттик каржыны көзөмөлдөө жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин унаасын алып качты деген айып менен камалды.

Расмий маалыматка ылайык, Дүйшөмбү шаарынын тургуну, 25 жаштагы Абдулло Гарбонов сурак учурунда алты унааны уурдаганын мойнуна алган.

Бир жума мурда Дүйшөмбүдө Тажикстандын Мамлекеттик каржыны көзөмөлдөө жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин унаасын жоголгон.

Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги өздүк булактар билдиргендей, ууру унаанын эшиктерин чыгарып, отундун астында бекиткен. Горбановдун үйүнөн башка унаалардын шаймандары дагы чыккан. Кармалган жаран унаа оңдоо менен алектенген жана шаймандарын бөлүп сатып жүргөн.

ИИМдин бүгүн таркаткан маалыматына караганда, ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө бул ишке 5 адамдан турган топтун тиешеси бар экендиги аныкталды. Аталган кылмыштуу топ соңку эки жыл ичинде унааларды уурдоо менен шыгуулданып жүргөн.

XS
SM
MD
LG