Ссылки доступа

Дүйшөмбүнүн борборунда күтүүсуздөн «Opel» күйүп кетти (видео)


Тажикстандын Ички иштер министрлиги «Опель» маркасындагы автоунаа Дүйшөмбүнүн Айни көчөсүндө жарылгандыгы тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Автоунаа электр зымдарынын кыска туташуусунан улам өрттөнгөн.

Министрликтин маалыматына ылайык, 84-10 СА 01 ТЧ номурлуу «Опель-Вектра» автоунаасы-32 жаштагы Шарифов Баходур аттуу жаранга таандык. Ал Дүйшөмбүнүн Клара Цеткин көчөсүндө жашайт. Техникалык коопсуздук сакталбай, унаанын мотору күйгөн. Бирок автоунаа толугу менен өрттөнгөн эмес жана эч ким зыянга учураган жок.

Баходур Шарифов “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдагандай, ал кырсыктын так себебин өзү дагы билбейт.

“Мен машинадан чыгып баратканда, моторду өчүргөм. Кайра келсем өрт чыгып кетиптир”, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG