Бул туурасында видеобрифингде Ирактан полковник Стив Уоррен билдирди. Анын айтымында, он чакты учак Сириядан учуп кетти жана кургактагы аскерлери буюмдарын топтоп, аба майданына келип, үйлөрүнө кетүүгө кам көрүүдө.
Калган учактар асманга көтөрүлүп, бирок эч кандай аба соккуларын жазабаганын дагы кошумчалады. Сириялык аскерлерди колдоп, Пальмирдин жанында ИМ менен согушуп жаткан орусиялык артиллериялык бөлүк өз ордунда калды деп билдирди Пентагон өкүлү.
Полковник Орусиянын азыркы кадамдарын түшүнүү кыйын болуп жатканын жана мындай чечимди күтүшпөгөнүн, андыктан баа берүүдөн мурда окуянын мындан ары өнүгүшүнө көз салып туруу керектигин кошумчалады.