Ссылки доступа

Казакстан Орусияга электр энергиясын жеткирүүнү жандандырды


Казакстан Орусияга электр энергиясын жеткирүүнү кайра жандандырды. Бул туурасында “Самрук Энерго” компаниясы билдирет.

Рублдын курсу тенгеге карата түшүп кеткендиктен, бул багытта кызматташуу 2014-жылдын ноябрь айында токтотулган.

Бүгүндөн тарта "Экибастуз ГРЭС-2 станциясынын" экинчи блогу ишке кирип,ал казак электр энергиясын Орусияга жөнөтө баштады. Бул ишкананын бир үлүшү орусиялык «Интер РАО ЕЭС» компаниясына таандык. Маалыматка ылайык, экспорттоло турган электр энергиянын көлөмү 1,8 миллиард киловатт-саатты түзөт.

Буга чейин Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин Монополияны жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо комитети электр энергиясын убактылуу төмөн коэффицент менен Орусияга экспорттоого уруксаат берген.

XS
SM
MD
LG