Ссылки доступа

Сириянын батышындагы “федерацияны” Вашингтон тааныбайт


Сириянын аймагындагы “өзүн-өзү башкарган” райондорду АКШ тааныгысы келбейт.

Бул туурасында мамлекеттик департамент билдирди. Күн мурун Сириянын түндүгүндөгү чөлкөмдөрдү көзөмөлгө алган күрд партиялары “федеративдик түзүм” уюштурганын жарыялаган.

Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби АКШы Сириянын биримдигин жана бөлүнбөстүгүн кубаттай турганын баса белгиледи. Вашингтон өзүн-өзү башкарган жарым автономдуу аймактарды жактабайт.

Сириялык күрддөрдүн декларациясы Сирия өкмөтү жана батыш державаларынын колдоосуна ээ Улуттук оппозиция коалициясы тарабынан четке кагылды. Күрд партияларынын аракетин Түркия дагы маңызсыз деп тапты.

БУУнун демилгеси менен өткөрүлгөн Женева сүйлөшүүлөрүнө күрддөрдүн саясий топтору катыштырылган эмес. Бул сүйлөшүү Сирия кризисин саясий жол менен чечүүгө жана беш жылдык согушту аягына чыгарууга жардам бериши керек.

XS
SM
MD
LG