Ссылки доступа

Астанада Ермегияевдин иши боюнча соттук угуу башталды


Казакстандын борборунда “Астана ЭКСПО-2017” улуттук компаниясынын коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы төрагасы Талгат Ермегияевдин иши боюнча соттук угуу башталды.

Айыпталуучуну район аралык сотко конвойдун коштоосунда алып келишти. Залга фото жана видео репортерлорду гана киргизишти. Башка журналистер жыйынга монитор жайгашкан өзүнчө бөлмөдө көз салышууда.

2015-жылдын июнь айында “Астана ЭКСПО-2017” компаниясындагы уурулук ишин иликтөө учурунда Талгат Ермегияев 4,5 миллиард тенге (22 миллион доллардан ашуун)өзүнө чегерип алган деп айыпталган. Аны менен кошо бир нече жогорку посту ээлген кызматкерлер кармалган.

Компаниянын төрагасы Талгат Ермегияев, мурдагы башкаруучу директор Суламбек Бархинкожоев,Курулуш департаментинин жетекчиси Кажымурат Үсөнов жана коммерциялык уюмдардын бир нече кызматкерине тишелеүү кылмыш иши сотко 10-мартта түшкөн. Жараян судья Адилхан Шайхисламовдун төрагалыгы астында өтүүдө.

“Астана ЭКСПО-2017” Улуттук компаниясы дүйнөлүк көргөзмөгө даярдык көрүү жана масштабдуу комплекстин курулушун жүзөгө ашыруу максатында 2013-жылдын башында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG