Ссылки доступа

Токтогулда электр тарифин төмөндөтүүнү талап кылган митинг өтүүдө


Райондун борборуна бүгүн айылдардан чогулган жарандар электр тогунун баасын ГЭСтен өндүрүлгөн баасында - 0,9 тыйындан берүүнү талап кылышууда.

Катышуучулардын бири Миргазы Өзүбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, мындан сырткары алар Чолпон-Ата айылында Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын да коюуда.Өткөн жылы да Токтогулдун тургундары эки ирет электр энергиясына байланыштуу митингге чыгышкан. 1998-жылы Токтогул районуна жана Жазы-Кечүү айылына өзгөчө статус берилген. Мыйзам 1999-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген. Анда "Токтогул жана Жазы-Кечүү айылдарынын тургундары менен аймактагы электр насостук станцияларына электр энергиясы ГЭСтен өндүрүлгөн баасында берилсин", деп жазылып турат.

2011-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамга толуктоо киргизилип, кол коюлган. Азыр өкмөт ошол мыйзамды аткарбай, райондогу 115 миң элдин укугун тебелеп жатканын митинг катышуучулары билдиришти. Чогулгандар менен учурда район акими Майорбек Сатымкулов жолугушууда. Уюштуруучулар 1000дей, ал эми байкоочулар 200дөн ашуун адам жыйынга катышып жатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG