Ссылки доступа

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөттөрү бийсиз өтүүдө


Бухара, Самарканд жана Хорезм шаарларында бардык үйлөнүү үлпөттөрү бийчилерсиз өткөрүлүүдө. Өзбекстандын салык комитети бийчилерге каршы “аңчылык” кыла баштады.

Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитети артисттерге карата куугунтуктоосун күчөтө баштагандан бери Бухара, Самарканд жана Хорезмдеги бардык үйлөнүү үлпөттөрү бийчилерсиз өткөрүлүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, Бухара облусунун Галаосиё шаарында жергиликтүү милициянын кызматкерлери эки бийчини үйлөнүү тою болуп жаткан учурда кармап кетишкен.

Өзбек салыкчыларынын артисттер үйлөнүү үлпөттөрүндө мамлекеттик лицензия албай туруп өнөрлөрүн көрсөтүп жатат деген билдирүүсү буга себеп болууда. Өздүк булактар билдиргендей, алар лицензиясы жок артисттерге гана эмес, үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө ылайыкталган ресторан жана башка жайлардын кожоюндарына, ошондой эле ошол жерлерде үйлөнүү үлпөттөрүн өткөргөн жарандарга да чоң суммадагы айып пул салышууда.

Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитетинин кызматкери өлкөдө үйлөнүү тойлору бийчилерсиз өткөрүлүп жаткандыгын бекемдеп, бирок, “үйлөнүү үлпөтүндөгү бийге тыюу салган эч кандай мыйзам же чечим жок” деп белгиледи. "Биз болгону үйлөнүү тойлорунда лицензия албастан жана салык төлөбөстөн өнөрлөрүн көрсөтүп жаткан артисттердин ишмердүүлүгүн гана катуу көзөмөлгө ала баштадык. Ушул убакка чейин бул маселе көз жаздымда калып келген болчу. Үйлөнүү тойлорунда ырдаган ырчылар лицензия алышат, ал эми бийчилер ансыз эле иштеп келишкен. Текшере келгенде республика боюнча бир дагы бийчинин мындай лицензиясы жок болуп чыкты. Буга биз өзүбүз да абдан таң калдык. Эгер бийчи үйлөнүү үлпөтүнө лицензиясы жок бара турган болсо, бул мыйзамсыз иш жасоо катары бааланат. Лицензияны «Узбекнаво» берет”.

XS
SM
MD
LG