Бул туурасында Борбордук Азиядагы Дебаттардын эл аралык билим берүүчүлүк ассоциациясынан (IDEA CA) билдиришти.
Маалыматка караганда, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина жана Эстониядан келген жүзгө жакын кыз-улан долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаштардын социалдык демилгелеринин менежменти жаатында билим алышмакчы.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, тренингдердин негизги максаты – жаштардын жеке инсандык дараметин өнүктүрүү, дебаттык технологияларды изилдөө жана аларды күнүмдук турмушта колдонуу аркылуу жарандык жоопкерчиликтин деңгээлин көтөрүү.