Ссылки доступа

Тажикстан мечиттерин интерактивдүү картадан таап алса болот


Тажикстандын Ислам борборунун Аалымдар кеңеши өлкөдөгү мечиттердин онлайн картасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул карта Тажикстандын ири мечиттеринин тарыхы менен таанышып, алардын имам-хатибдери менен тез арада байланышууга мүмкүнчүлүк берет.

Картадан Дүйшөмбү шаарындагы 11 мечит, ошондой эле Гиссар шаары менен Рудаки районундагы мечиттер туурасында маалымат алса болот.

Онлайн картаны түзүү иштери Тажикстанда расмий эмес жана “чала сабат” мечиттерди аныктоо иштерине айкалышып жүргүзүлүүдө. Мисалга алсак, өткөн айда Хожент шаарынын мэри Ражаббой Ахмадзода шаар активдери менен болгон жолугушууда шаардык маалелердеги мындай мечиттерди таап чыгып, алардын ордуна кийим тигүү цехтерин, чайкана же бала бакчаларды жайгаштырууну тапшырган.

Бардыгы болуп Тажикстанда расмий түрдө болжол менен 4 миң мечит катталган. Былтыр жүздөгөн расмий эмес мечиттер маданий борборлорго, амбулаторияларга, балдар бакчасына жана айыл кеңештеринин төрагаларынын кеңселерине айланган болчу.

XS
SM
MD
LG