Статмамкомдун маалыматына караганда, өткөн жылы Өзбекстандын калкынын саны жарым миллион адамга көбөйгөн.
2014-жылы төрөлгөн адамдардын саны 721,5 миң болду. Былтыркы жыл ичинде 150,4 миң өлүм катталган.
Бир жашка чейинки 7700 ымыркай чарчап калган.
Көз карандысыз байкоочулардын маалыматы боюнча бул көрсөткүч- бийлик келтирген сандан кыйла жогору.
Эгемендүүлүк алгандан бери Өзбекстанда калкты каттоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Акыркы эсеп кеңеш доорунда – 1989-жылы алынган.