Ссылки доступа

Эл аралык аэропорттор коопсуздук чараларын күчөтүүдө


Брюсселдеги теракттарга байланыштуу Париж, Франкфурт, Лондон, Прага, Вена жана Амстердамдын эл аралык аэропорттору коопсуздук чараларын күчөтүүдө.

Тыштан келип жаткан жүктөр менен почтага тыкыр көзөмөл жүргүзүлүүдө. Нидерланддар дагы чек арасын коргоону күчөттү.

Европалык аэропортторго кошумча күзөтчүлөр тартылды.

Москванын аба майдандары да коопсуздук чараларын көрүүдө.

"Шереметьево", "Внуково", "Домодедово" аэропортторунун коопсуздук кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кирүүчү жайлардагы кызматкерлердин саны көбөйтүлдү. Интерфакс билдиргендей, жүргүнчүлөр жана алардын жүктөрү кылдаттык менен текшерилүүдө.

Жардыруулар болгон Брюсселдеги эл аралык аэропорт 23-мартта жабылат. Белгиянын өзүндө 34 адамдын өлүмүнө байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG