Батыш мамлекеттери да украиналык учкуч абактан чыгарылууга тийиш деген позицияны айтышууда.
Шейшембиде АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби да Савченкону жана башка мыйзамсыз камалган украиналыктарды бошотууга Москваны чакырды.
Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта орусиялык эки журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Савченкону айыптуу деп таап, 22 жылга эркинен ажыратты жана 30 миң рубль айыппул салды. Муну менен ал коюлуп жаткан айыптоолордун бардык пункттары менен күнөөлүү деп табылды.