Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттин китебин өбүү салтка айланууда (видео)


Гурбангулы Бердымухаммедов өкмөт мүчөлөрүн Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга “Чай – айыгуу жана эргүү” аттуу китебин белекке берди. Иш-чара Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы аркылуу чагылдырылды.

Президенттин колунан китеп алган ар бир министр аны өөп, тооп кылып жатты. Белек тапшыруу аземи 18-мартта өткөн.

“Чай – айыгуу жана эргүү” – бул Түркмөнстандын азыркы президентинин жаңы китеби. Анда көк чайдын тарыхы жана дарылык касиеттери туурасында сөз болот. Чыгыш элдеринде ыйык китептерди, мисалы, Куранды өөп, тооп кылуу салты бар. Бирок эми бул өлкөдө президенттик белектерди алуунун өзгөчө салт-санаасы киргизилип жатканы айкын болду. Буга чейин эле Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы 8-марттын алдында кыздар менен келиндер Бердымухаммедовдун колунан белектерди алып, аларды өөп жаткан сюжетти көрсөткөн. Анда аларга 50 манат (11 долларга жакын) берилген болчу.

Бердымухаммедов бийликке 2007-жылы Ниязовдун өлүмүнөн кийин келген. Ал бийликке жеткенден кийин Ниязовго тургузулган эстелик алынып салынган. Ошондой эле «Рухнаме» боюнча сыноолор жоюлуп, көчөлөрдүн, шаарлардын жана жума күндөрү менен айлардын мурунку аталыштары кайтарылган. Бирок акыркы жылдары Бердымухаммедовдун өзүнүн жеке керт башына сыйынуучулук күч алып бараткандай. Ал Түркмөнстандын дарылык касиети бар өсүмдүктөрү туурасында беш томдуктун, жылкы өстүрүү жөнүндө энциклопедиялык китептин жана ахалтекин тукумундагы аргымактардын тарыхы туурасында китептин автору болуп саналат. Мындан тышкары, Бердымухаммедов килем токуу жөнүндө китеп, 2 ыр жана “Бакыт кушу” аттуу повесть жазган.

В Туркменистане вводят практику целовать книгу президента
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

XS
SM
MD
LG