Ссылки доступа

ЖККУ кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды изилдейт


Кыргызстандын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал талкууга алынды.

ЖККУ башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек тилкедеги абалды изилдөө үчүн Кыргызстанга бара турган болду. Бул туурасында ЖККУнун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов билдирди.

Зайнетдиновдун маалымдашынча, Бадалян абалды жеринде изилдеп, кыргыз тарап менен кеңешме өткөрөт. Анын айтымында, ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа Тышкы иштер министрлер кеңешинин мүчөлөрү менен телефон аркылуу байланышып, жагдайды талкуулоодо.

Эске сала кетсек, Аксы районунун Чала-Сарт чөлкөмүндө 18-мартта саат 07.40та Өзбекстандын аскерлери кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине эки БТР менен 40ка жакын жоокерлерди алып келип койгон. Кыргызстан жооп катары ушундай эле сандагы жоокер менен аскерий техникасын жайгаштырган. 21-мартта аскерлердин саны эки тараптан тең 8 адамга чейин кыскартылган.

XS
SM
MD
LG