Ссылки доступа

Өзбекстанда алимент төлөбөгөндөр кармалат


Соттук департаменттин маалыматына караганда, өлкөдө балдарына алимент төлөөнү каалабаган жарандардын саны артты. Алардын көбү чет жакта жүрүшөт.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын отчетуна ылайык, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча ишеним телефондоруна кайрылгандардын 94 пайызы ар кыл төлөмдөрдү өндүрүп берүүнү суранып арызданган. Көзөмөл органдын кийлигишүүсү менен жалпысынан 486 миллион сум алимент өндүрүүгө мүмкүн болгон.

Бул арада Өзбекстандагы башка булактар билдиргендей, төлөнбөгөн алименттердин суммасы мындан дагы көп. Юристердин айтымында, салык төлөй турган аталардын көбү чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Буга байланыштуу алимент өндүрүү иши татаал.

Айрым интернет басылмалары кабарлагандай, Өзбекстанда “электрондук өкмөт” долбоору ишке кирип, физикалык жана юридикалык жактардын маалыматын камтыган бирдиктүү система түзүлөт.

Бул жарандардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн текшерүүгө жардам берет. Ошондой эле алимент төлөбөй жүргөндөрдү билүүгө мүмкүнчүлүк ачат жана жаран карыз болсо, Өзбекстандан чыгып кетишине бөгөт болуп бере алат.

Мыйзамга баш ийбегендер чек арада кармалат.

XS
SM
MD
LG