Ссылки доступа

Дүйнөлүк чемпионат-2018: Тажикстан Австралияга каршы


Бүгүн Австралия менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын ортосунда “В” тобунун дүйнөлүк чемпионат-2018 тандоо турниринин оюну болот.

Азия футболунун лидерлеринин бири болгон Австралия курама командасы менен жолугушуу «Аделаида Овал» стадионунда өтөт жана 19:30да (жергиликтүү убакыт) башталат (14:00 — дүйшөмбүдөгү убакыт).

Кече Тажикстандын курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев матч алдындагы басма сөз жыйынын өткөрдү.

«Быйыл биздин курамыбызда өзгөрүүлөр бар. Арабызда жаштар арбын. Муундар алмашып жатат десек болот. Эң маанилүү милдетибиз – 2019-Азия Кубогунун финалына катышуу. Тилекке каршы, оюндардын календары биз үчүн анчалык жолдуу болгон жок. Биз дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турнирин эки татаал матч менен жыйынтыктайбыз. Негизги оюн 29-мартта Кыргызстандын курама командасы менен өзүбүздүн талаада өтөт. 2019-Азия Кубогунун тандоо турниринин топтук этабына түздөн-түз чыга алабызбы же командалар ортосундагы иргеп алуу матчына катышабызбы - ушул оюнда чечилет”, - деп белгиледи Эргашев.

XS
SM
MD
LG