Ички иштер министрлигинен алынган маалыматтар “Күзөттө” аттуу гезитте жарыяланды. Басылмада кабарлангандай, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок 261 адам Өзбекстандан чыгарылган. 306 киши психикалык ооруларына байланыштуу бейтапканага жөнөтүлдү.
Өлкөнүн ички иштер министрлиги профилактика ирээтинде айыл, маале, билим берүү мекемелеринде 13 миңден ашуун жолугушуу, тегерек үстөлдөрдү уюштурду. Тартип сакчылары жарандарды кыраакы болууга чакырууда. Өзбекстандагы 70 миңдей адам Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен “маек” курду. Алардын айрымдары муну “сурак” катары сыпатташууда.
Самарканддагы жактоочу Дмитрий Владимировдун айтымында, чет өлкөдөн келгендерди суракка алуу мыйзам бузуулар менен коштолууда. Жарандар аба майданынын астанасын аттагандан кийин эле тилкелик милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, түнөп калышууда.