Энергетика маселелери боюнча серепчи Эрнест Карыбеков 25-мартта кечинде кармалган.
22-мартта интернетте "бийликти алууну жана бөлүштүрүүнү" талкуулаган деген айрым адамдардын сүйлөшүүсү чыккан. УКМК бул тасма мурда козголгон кылмыш иштин жана расмий санкциянын негизинде жаздырылган аудио менен дал келерин айткан. Бүгүн мындай тасманын дагы бири чыкты.
Буга чейин ошол тасмаларда айтылган сөзгө байланыштуу оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров кармалып, экөө тең эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ушул эле иш боюнча Дуулат Турдуналиевге издөө жарыяланган.