Ссылки доступа

Бишкекке расмий сапар менен Ооганстандын ТИМ башчысы келет


Бишкекке расмий сапар менен Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Раббанини президент Алмазбек Атамбаев, төрага Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев кабыл алат. Ал ошондой эле тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Темир Жумакадыров жана экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолугат.

28-29-мартка пландалып жаткан сапар алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыргыз-ооган кызматташтыгынын саясий, экономикалык багыттары, аймактык жана эл аралык темалар талкууланат.

Соңунда кыргыз-ооган соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссия түзүү тууралуу келишимге кол коюлат.

XS
SM
MD
LG