Ссылки доступа

Standard & Poor's Кыргызстандын экономикалык рейтингин бекемдеди


Standard & Poor's (S&P) рейтингдик агенттиги Кыргызстандын B/B даражасындагы рейтингин бекемдеди. Бул эмитент (өлкө өкмөтү) төлөөгө жөндөмдүү, бирок жагымсыз экономикалык шарттар анын мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн дегенди билдирет. Бул жөнүндө агенттиктин сайтында маалымдалат.

Агенттиктин илитөөсү боюнча Кыргызстандын экономикасы мигранттар жөнөткөн акчага жана Орусия менен болгон соода карым-катнаштан көз каранды.

Бюджеттик таңкыстыгы 2016-2017-жылдары ИДПнын көлөмүнөн 4,5% чейин өсүшү мүмкүн.

Өлкөнүн каржы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын 2016-жылдын башындагы жалпы мамлекеттик карызы 3,695 миллиард долларды түзүп, ал бир жылда 1,3% өскөн.

Буга чейин Moody’s агенттиги Кыргызстандын өкмөтүнө “В2” даражасындагы рейтингди ыйгарган болчу. Бул “туруктуу” божомол дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG