Ссылки доступа

Барымтага алынган тажик жарандары ооган туткунунан бошотулду


Ооган аткезчилер тобу барымтага алган Тажикстандын эки жараны узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулду.

Тажикстандын бийлиги ооган аткезчилери менен үч күн бою тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада эки тажик жараны бошотулду. Ооган бийлиги бирдиргендей, бошотулгандар бүгүн, 29-мартта, Тажикстанга жеткирилет.

УКМКнын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугхожаевдин айтымында, сүйлөшүүлөр тажик менен ооган бийлигинин ортосунда, ошондой эле аткезчилер менен да жүргүзүлдү.

Жергиликтүү бийликтеги өздүк булак кабарлагандай, аткезчилер барымтадагыларды Куляб шаарында абакта отурган эки адамга алмашабыз деген талап коюшкан. Алар баңгизат менен кармалышкан. Тажик жарандары аталган талапты аткаргандыктан улам бошотулдубу, же буга кун төлөө жана башка макулдашуулар себеп болдубу - азырынча белгисиз.

Тажик жарандары Шохон-Зигар жолу курулуп жаткан чек арага жакын жерден барымтага алынган. Наджиб аттуу адам жетектеген ооган аткезчилеринин куралдуу кол салуусунан кийин бир жумушчу жарадар болуп, эки курулушчу барымтага тушуккан.

XS
SM
MD
LG