Ссылки доступа

Штайнмайердин Борбордук Азияга иш сапары


Бүгүн Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин Борбордук Азияга болгон үч күндүк иш сапары башталат. Ал ошондой эле Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы болуп саналат.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүгө караганда, Штайнмайер Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанга бармакчы.

Иш сапарынын алдында Штайнмайер Борбордук Азияны “кеңири экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ стратегиялык маанидеги аймак”деп атаган. Ал бул чөлкөм глобалдык туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди туудурат деп эсептейт. Штайнмайер Борбордук Азия ири аймактык державалар болгон Орусия, Кытай жана Ирандын кызыкчылыктары кагылышкан аймак экендигин белгиледи.

Германия ТИМи кабарлагандай, күн тартибине терроризмге каршы күрөш, аймактык кызматташтык жана экономикалык алакаларга байланышкан маселелер киргизилген.

XS
SM
MD
LG