Ссылки доступа

ЕБ Назарбаевди адам укуктарын урматтоого чакырды (видео)


Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, Казакстанда одоно түрдө бузулуп жаткан адам укуктары жаатында алгылыктуу кадамдарга барууга чакырды. Экөө 30-мартта Брюсселде Назарбаевдин Белгияга жасаган иш сапарынын алкагында кезигишти.

Маалымат жыйын учурунда Юнкер адам укуктары маселесин бекеринен көтөрбөгөнүн, эл аралык кызматташуу максатында казак бийлиги муну эске аларына үмүт артарын белгиледи.

Брюсселден видео:

Назарбаеву о правах человека
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Казак парламенти ушул айда Европа Биримдиги менен кызматташууну кеңейтүү жаатындагы макулдашууну ратификациялаган.

Нурсултан Назарбаев Белгияга шаршембиде барды. Иш сапар алкагында Европа Биримдигинин төрагасы Дональд Туск менен да жолугуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты талкуулашты.

Ал Вашингтондо өтө турчу ядролук коопсуздук боюнча саммитке катышат.

XS
SM
MD
LG