Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Чанг Чинг Ю экономикалык кризис өлкөдө бул жылы да уланып жаткандыгын Дүйшөнбүдө өткөн маалымат жыйынында кабарлады. Ал экономикалык өнүгүүнүн жаңы моделин тандоо зарылдыгын кошумчалады.
Чанг Чинг Юнун пикиринде, өлкө гидроэнергетика, экотуризм, айыл чарба багыттарына көбүрөөк көңүл бурушу керек.
Азия өнүктүрүү банкынын божомолдору боюнча Тажикстанда экономикалык өсүш бул жылы 3,8% кыскарат. Өткөн жылы ал 6% түзсө, 2014-жылы 6,7% болчу.
Тажикстан Азия өнүктүрүү банкынын курамына 1998-жылы кирген. Андан бери банк республикага жардам иретинде, кайтарымсыз 1,4 миллиард доллар берген.