“Интерфакс” маалымдагандай, Түркиянын жасалма паспорту менен жүргөн адамдар колго түшкөн. “РИА Новости” болсо, өздүк булактарына шилтеме берүү менен кармалгандар Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” тобунун тарапташтары экенин билдирди. Алдын-ала маалыматтар боюнча бул жарандар Москвада экстремисттик топко жаңы мүчөлөрдү тартуу менен алектенишкен.
Бир күн мурун Петербургдагы сот Сергей Яблоков аттуу тургунду тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” (“Ислам боштондугу партиясы”) уюмунун жергиликтүү бөлүмүн башкарган деген айып менен 12 жарым жылга эркинен ажыраткан.