Ссылки доступа

Ырчы Райхон өзбек тилин билбегендиги үчүн катуу сынга кабылды 


Социалдык түйүндөрдө Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Райхон Ганиеванын жергиликтүү интернет-басылмалардын бирине берген маеги кызуу талкуу жаратты.

Райхон Ганиеванын өзбек тилин үйрөнүү мен үчүн кеч болуп калды деген пикири социалдык түйүндөрдө катуу нааразычылыктарды жаратты. Алар атактуу өзбек кинематографисти Наби Ганиевдин небереси эне тилин билбегени көңүл калтыргандыгын жашырышкан жок. Айрымдар муну “өзбектерди басынтуу” катары кабылдаса, башкалары Өзбекстандын жарандары мамлекеттик тилди билиш керектиги мыйзамда көрсөтүлгөндүгүн эске салышты.

Ал эми Райхондун тарапташтары ырчынын “эне тилди билиши же билбеши анчалык маанилүү эмес, мунун өзбек экономикасына пайда-зыяны жок” деген көз карашты карманышат.

"Өзбекстан – көп улуттуу өлкө. Мында өзбектер гана эмес, еврейлер, түркмөндөр, тажиктер жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Бизде башка улуттагы ырчылар өзбек тилинде ырдап жүрүшөт. Мисалы, Самарканга барсаңар, андагылардын баары тажик тилинде сүйлөшөт. Арасында өзбек тилин билбегендери да бар. Бирок алардын бардыгы мамлекеттик тилде – өзбек тилинде ырдашат. Муну менен алар элине болгон сый-урматын билдиришет, күйөрмандарынын санын арттырышат. Ошон үчүн алар сөзсүз эле дайыма өзбекче сүйлөшү зарыл эмес”, – дейт өзбек ырчысы Азиза Ниязметова.

1989-жылы Өзбекстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, өзбек тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Өзбекстан эгемендикке жетишкенден тартып бул мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген. Бул укуктук көз караштан алганда мамлекеттик тилдин макамын мурдагыдан да жогорулаткан.

XS
SM
MD
LG