Ссылки доступа

Порошенко АКШ жана Евробиримдикти “Савченко-Сенцов" санкциясын колдоого үндөдү


Надежда Савченко, Олег Сенцов жана Александр Кольченкого карата мыйзамсыз аракеттерди көрүүгө катыштыгы бар жактарга санкция киргизүү буйругуна Украина президенти Петр Порошенко кол койду. Тизмеде 84 адам бар.

Украинанын президенти Петр Порошенко АКШ жана Евробиримдикти “Савченко-Сенцов” аталышындагы санкцияга кошулууга чакырды. Бул туурасында ал Вашингтондогу АКШ конгрессиндеги баяндамасында билдирди.

Порошенко Орусияда кеминде эле 11 украин жараны саясий туткунга алынганын баса белгиледи. Айтымында, орус түрмөлөрүндө жаткан айрым адамдардын абалы оор. Алардын арасында Надежда Савченко дагы бар. Бирок буга расмий Москва эч кандай көңүл бөлбөй, эл аралык дарыгерлерди киргизбей жатат.

22-марта Орусия соту украин учкучу Надежда Савченкону 22 жылга эркинен ажыраткан. Ал эки журналистин өлүмүнө тиешеси бар деп табылган. Украин режиссеру Олег Сенцов жана крымдык активист Александр Кольченко терроризм боюнча айыпталып, 20 жана 10 жылга түрмөгө кесилишти.

Булардын баары тагылган күнөөлөрдү моюнга алган жок. Айрым эл аралык укук коргоо уюмдары аларды саясий туткун катары сыпаттап келишет.

XS
SM
MD
LG