"Экипаж үч милиция кызматкеринен турат. Алардын ичинен жол кыймылын тескеп, эреже бузуулар тууралуу административдик протокол түзүү укугуна видеорегистратор менен турган инспектор гана ээ. Калгандары коомдук тартипке көз салат",-деди министр.
Жол коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоого Бишкекте 800, Чүйдө 400, ал эми Ысык-Көл облусунда 160 милиционер тартылат.
Жалпы республикада 1-июлдан тарта ишке кирет.
Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн ИИМдин алдында атайын Кайгуул-күзөт башкармалыгы түзүлдү.