Ссылки доступа

Өзбекстан СССРдин Алмаз фондунун бир бөлүгүнөн баш тартты


Орусиянын Мамлекеттик Думасы Өзбекстан менен 2014-жылдын декабрында түзүлгөн эки тараптуу келишимди ратификациялады.

Келишимде өз ара каржылык талаптарды жана милдеттемелерди, анын ичинде 1992-1993-жылдары берилген товарлар менен насыяларды, тактап айтканда өзбек бийлиги буга чейин төлөөдөн баш тартып келген карыздарды жөнгө салуу маселелери каралган.

Ага ылайык, Өзбекстандын Орусияга болгон карызынын 97 пайызы кечирилет. Бул пахтанын жылдык түшүмүн сатуудан түшкөн 800 миллион долларлык кирешеге тете сумма болуп саналат. Өз кезегинде расмий Ташкент советтик Алмаз фондусунун өзүнө тиешелүү делген бөлүгүнөн жана мурдагы СССРдин Тышкы экономикалык банкынын эсептериндеги валюталык каражаттарынан баш тартты.

Орусиянын эсеби боюнча 2014-жылдын 1-ноябрына карата Өзбекстандын карызы 900 миллион долларга жеткен. Бирок өзбек тарап анын бир бөлүгүн гана мойнуна алды. Алар Москва мурдагы СССР тушунда Алмаз фондундагы каражатты колдонгону үчүн кеминде бир миллиард доллар карыз деп эсептеп келет.

Федерация Кеңеши жактырган документте Өзбекстан ошол дооматын артка алган үчүн эми 889 миллион 300 миң долларлык карыздын 97 пайызы кечилип жатканы белгиленет.

Келишим күчүнө киргенден кийин Өзбекстан Орусияга 25 миллион долларды бир ай ичинде бир төлөп бериши керек болот.

XS
SM
MD
LG