Ссылки доступа

Өзбекстанда баркталбаган ырчы Түркия жарандыгын алды


Белгилүү өзбек ырчысы жана композитор Абдулазиз Карим Түркия жарандыгын алды. Жарандык берилгендиги тууралуу катты 29-мартта премьер-министр Ахмед Давутоглу өзү жолдоду.

Катта жазылгандай, 41 жаштагы ырчы жана композиторго жарандык “жалпы талаптардан тышкары” берилген.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык, чет жердик адам жарандык алуу үчүн бул өлкөдө 5 жылдан кем эмес убакыт жашаш керек. Бирок Абдулазиз Каримге документ 10 айдын ичинде эле берилген.

– Бул мен үчүн өтө кубанычтуу кабар болду. Он ай мурун Түркия өкмөтү документтеримди сураган. Алар менин чыгармачылыгыма кызыгышарын айтышкан эле. Өзбекстанда ырчы катары белгилүү болгонум менен композитор иретинде таанышчу эмес. Мен симфониялык чыгармаларды жараткам. Атүгүл, бир бөлүмдөн турган опера жазгам. Хорлорум дагы бар. Мунун баарын көрсөттүм. Чыгармаларым түркиялыктарды кызыктырды, -деди Абдулазиз Карим.

Ырчы жана композитор, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Абдулазиз Карим өлкөсүнөн 2015-жылдын май айында чыгып кеткен. Өзбек бийлиги тарабынан анын ырларына салынган тыюу буга себеп болгон эле.

XS
SM
MD
LG