Ссылки доступа

Саясатчылардын офшордук миллиарддары жөнүндө «Панама кагаздары» жарыяланды


Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Орусия президенти Владимир Путиндин талапташтарынын офшордук эсептерге көмүскө каражаттарды алып чыгуу боюнча масштабдуу түйүн бар экендигин аныкташты.

Жалпысынан алганда сөз эки миллиард доллардан ашуун сумма жөнүндө болууда. Бул маалымат “Панама кагаздары” аттуу жаңы баяндаманын алкагында жарыяланган.

Аталган отчет бир катар уюмдар тарабынан бир эле убакта бир нече тилде жарыяланган. Ал панама юридикалык компаниясынын ачыкталып кеткен документтерине таянат жана бүткүл дүйнөдөгү шектүү акча агымдарына көз салууну максат кылат. Бул маалыматтар Кремлге байланышы бар адамдарга гана эмес, Украинанын президентине, Исландия менен Пакистандын премьер-министрлерине, Азербайжан президентинин балдарына, Сауд Аравиясынын королуна жана башка көптөгөн адамдарга да тиешелүү.

Отчетко ылайык, питердик виолончелист, Путиндин илгертен берки досу Сергей Ролдугиндин 100 миллиондук байлыгы бар. Бул орус президентинин башка тарапташы – бизнесмен Юрий Ковальчук менен болгон мамилесинин аркасында топтолгон байлык экендиги белгиленүүдө. Аталган бизнесмен менен ал көзөмөлдөгөн Орусия банкы АКШнын санкция тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG