Ссылки доступа

Греция 131 мигрантты Түркияга депортациялады


Греция Евробиримдиктин (ЕБ) планына ылайык мигранттардын биринчи толкунун Түркияга депортациялоо ишин баштады. Аталган план Европага багыт алган массалык миграциянын агымын азайтууну көздөйт.

Түркиянын желеги тартылган жана бортунда 131 мигрант болгон эки жүргүнчү учак Лесбос аралынан 4-апрелде жөнөп кетти.

Басымдуу көпчүлүгү Пакистандан жана Бангладештен болгон мигранттар Түркиянын батышындагы Дикили шаарына жөнөтүлдү.

Түркиянын расмийлери 500гө чейин адам кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти. ЕБ менен Түркиянын ортосундагы келишимге ылайык, Анкара Грецияга мыйзамсыз келген бардык мигранттар менен качкындарды, анын ичинде сириялыктарды да кабыл алмакчы. Буга жооп кылып ЕБ Түркиядан сириялык качкындарды кабыл алып, Анкарага ири суммадагы акча төлөйт жана Түркиянын ЕБга кириши туурасындагы сүйлөшүүлөрдү илгерилетүүгө, визасыз режимди жеңилдетүүгө көмөктөшмөкчү.

Евробиримдик менен Түркиянын ортосундагы келишим адам укуктарын коргоо боюнча ар кыл топтор тарабынан сынга алынган. Укук коргоочулар мигранттарды алмашуу боюнча операция тийиштүү даярдыктан өткөрүлгөн эмес деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG