Мукай Элебаевдин романын негизиндеги пьесаны окуучулар өздөрү жазган. Башкы каармандын ролун 10 жаштагы бала ойнойт. Башка миңдеген кыргыздар сыяктуу эле ал дагы ак падышанын зомбулугунан качып, Кытайга жөнөйт. Жолдо энеси өлүп, бала жалгыз калып, кулчулукка сатылат.
“Биз ар түрдүү спектаклдерди ойнодук. Бирок 1916-жылдагы көтөрүлүш бизди көбүрөөк таасирлентти. Алардын кайгы-муңун жүрөгүбүздөн өткөрдүк. Бул биз үчүн өзгөчө тема”,-дейт 10-класстын окуучусу Алтынай Борукеева.
Айылдык окуучулар тартынган жок. Кудум эле чыныгы актерлордой ойношту.