Ссылки доступа

Өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстандын төрт пансионатын менчиктештирет


Ысык-Көлдөгү "Рахат", "Дилором", "Золотые пески" жана “Бустон” пансионаттары ушу кезге чейин Өзбекстандын карамагында болуп келген.

Мындан мурдараак кыргыз өкмөтү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы бир катар социалдык объекттерди өз карамагына алган болчу.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга 20дай чарба объектисин кайтарып бериши керек. Алардын ичинде Орто-Токой суу сактагычы да бар.

XS
SM
MD
LG