Ссылки доступа

Бир катар өлкөлөрдө офшорлорго байланышкан афералар иликтене баштады


Офшор компанияларга жана аларга тиешеси бар адамдарга байланышкан купуя документтер ачыкталып кеткенден кийин бир катар өлкөлөрдө каржылык мыйзам бузууларды аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды. Алардын катарында Нидерланды, Австрия, Австралия, Улуу Британия жана АКШ бар.

Жарыяланып кеткен 11 миллион документ панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясына тиешелүү. Анын юристтери кардарларына "арам акчаларды адалдоого”, салыктарды төлөбөй коюуга жардам берип, санкциялардан качып келишкен.

Бул ишке азыр бийликте турган жана буга чейин бийликте болгон 12 мамлекет башчынын, ошондой эле дүйнөлүк лидерлер менен байланышта болгон кеминде 60 адамдын тиешеси бар экендиги болжолдонууда. Алардын катарында Исландиянын азыркы премьер-министри Сигмюндюр Гюннлёйгссон да бар. Анын инвестицияларды офшордук компаниялардан өткөрүп, исландиялык банктарда сактагандыгы айтылууда. 4-мартта аталган премьердин кызматтан кетишин талап кылган петицияга 16 миңге жакын исландиялыктар кол койду.

Материалдардын кыйла бөлүгү Орусияга арналган. Анын ичинде Владимир Путинге жакын адамдар “Россия” банкы жана офшордук компаниялар аркылуу 2 миллиард доллардан ашуун каражатты “адалдап” алган деп белгиленген. Кремлдегилер “панама документтери” “ойдон чыгарылган жүйөлөргө жана кызыл кулактыкка” негизделген жана алар Орусияда өтө турган шайлоолордун алдында атайлап Владимир Путинге каршы багытталган деп билдиришти.

OCCRP: "Друзьям Путина" принадлежат счета в офшорах более чем на $2 млрд
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

XS
SM
MD
LG