Ссылки доступа

 ЕККУнун Минск тобу Тоолуу Карабактагы жагдайды талкуулайт


Бүгүн Венада Карабак жаңжалынын курчуп кетишине байланыштуу ЕККУнун Минск тобу үч өлкөнүн (Орусия, Франция жана АКШ) катышуусу менен отурум өтөт.

Бул туурасында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ мамкатчысы Жон Керри телефондук сүйлөшүү учурунда макулдашты. Орусия ТИМинин маалымдашынча, Лавров менен Керри согуштук иш-аракеттерди тез арада токтотуунун зарылдыгына басым жасашты.

БУУ маалыматына караганда, Тоолуу Карабактагы кагылышуулардын айынан кеминде 33 адам каза болуп, 200дөн ашууну жараат алган. Набыт кеткендердин арасында 30 жоокер жана үч жергиликтүү жашоочу бар.

Дүйшөмбүдө өзүн-өзү жарыялаган Тоолуу-Карабак республикасынын басма сөз катчысы Артак Бегларян азербайжан учкучсуз учуучу аппараттан армян ыктыярчылары бараткан автобуска абадан сокку уруландыгы тууралуу кабарлаган. Маалыматтарга караганда, мындан жети адам набыт болгон.

Тоолуу Карабакта согуштук аракеттер уланууда жана эки тарап тең атышуулар токтобосо, толук кандуу согушту баштаганга даярбыз деп билдирүүдө.

Карабак жаңжалы ишембиге караган түнү курчуй баштаган. Жекшемби, 3-апрелде Азербайжан бир тараптуу согуштук аракеттерди токтото тургандыгын жарыялаган. Өз кезегинде Армения Бакунун бул билдирүүсүн “маалыматтык тузак” деп атады.

XS
SM
MD
LG